БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет бир аптага, тагыраагы, 13-19-октябрга карата аба ырайынын божомолун таратты.
Ага ылайык, өлкө аймагында 13-октябрда көпчүлүк райондордо жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. 14-октябрдан апта соңуна чейин күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жететет.
Чүй жана Талас облустары
13-октябрда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 14-19-октябрда күн ачык болот.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары
Аймакта дүйшөмбүдө жаан, тоолуу аймактарда карга өтүшү ыктымал. Башка күндөрү жаан-чачын болбойт.
Ысык-Көл жана Нарын облустары
13-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 14-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаашы мүмкүн. 15-19-октябрда күн ачык болот.