БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. 13-октябрь, дүйшөмбүдө, бийик тоолуу райондордо кар, өрөөндөрдө жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +18...+23, Талас аймагында +17...+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көлдө +13...+18, Нарын өрөөнүндө +14...+19 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +19…+21, Ош шаарында +23...+25 градуска көтөрүлөт.