2026-жылы Манас республикалык маанидеги үчүнчү шаар болот (Бишкек жана Оштон кийин), деди Камчыбек Ташиев Ал Жалал-Абаддын атын өзгөртүү стратегиялык жактан туура чечим болгонун белгиледи. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Манас Кыргызстандын борбору болуп калышы мүмкүн деген пикирлерге дагы бир ирет комментарий берди. “Манас өлкөнүн өнүккөн шаарларынын бири болот. Эгер борбор болууга татыктуу болсо, анда эмнеге болбосун? Убакыт көрсөтөт. Шаарды даярдаш керек, кыргызстандыктар психологиялык жактан даяр болушу керек. Аны жөн эле борбор деп атап коюу мүмкүн эмес. Учурда шаарга көп каражат бөлүнүүдө, бардык жерде курулуш иштери жүрүп жатат. Аны заманбап шаарга айландыруу зарыл”, - деди Ташиев.
Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттап, өкмөт көзөмөлдү күчөтүүдө. Сентябрдын башынан бери бензиндин баасы орто эсеп менен 3,5 сомго өстү. 12-октябрга карата баа: АИ-92 — 73,4 сом; АИ-95 — 79,4 сом; Дизель — 77,8 сом (50 тыйынга кымбаттады). Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев 8-октябрда күйүүчү майдын баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөөнү жана жеткирүүлөрдүн туруктуулугун камсыздоону тапшырды. Өкмөт мунай жана мунай продуктуларын экспорттоого убактылуу тыюу салган.
Мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоого катышарын үч партия билдирди. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын маалыматында айтылган. Партиялардан арыз кабыл алуу 6-октябрда жыйынтыкталды. Ага чейин катышуу ниетин билдирген партиялар: "Кырк ууз" партиясы; "Легалайз" партиясы; "Ынтымак" партиясы. Мунун ичинен "Ынтымак" партиясы гана тизмесин тапшырган. "Партиялар съездин өткөрүп, ар бир шайлоо округунан бирден талапкерди жашыруун добуш берүү жолу менен көрсөтүүгө тийиш. Съезддин чечими БШКга жөнөтүлөт. Мындан тышкары, партия башка саясий партиянын мүчөсү болбогон жарандарды да талапкер катары көрсөтө алат. Талапкерлердин тизмесин түзүүдө гендердик тең салмактуулук сакталууга тийиш, бир жыныстагы талапкерлердин үлүшү 70 пайыздан ашпоосу керек", — деп айтылат маалыматта.
Венгрияда Брюсселдин аскердик пландарына каршы кол топтоо башталганын өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан билдиргенин РИА Новости жазды. "Биз мунун баарын көрүп унчукпай кое албайбыз! Венгр эли согушту каалабай турганын дагы бир жолу ырастайбыз. Мындан улам бүгүн Брюсселдин аскердик пландарына каршы кол топтой баштайбыз. Биз шаар, айылдарды кыдырабыз, тынчтыкты каалаган ар бир венгрди угуу маанилүү!" — деп жазган ал баракчасында. Орбан Европа согушка улам сайын жакындап баратканын белгилеп, Европа биримдигинин стратегиясы так план эмес, түш экенин айткан. Ал Брюсселде Будапештке каршы тыңчылык, калп маалыматтар жана юридикалык манипуляциялык айыптоолордун өнөктүгү башталганын кошумчалады. Бул 2026-жылдагы парламенттик шайлоодо улуттук багыттагы өкмөттү кетирүү, венгриялык оппозиция түрүндө "башкаруучуларды" дайындоо максатында көрүлүп жаткан аракет экенин айткан. Ошондой эле ал Евробиримдиктин көп өлкөлөрү эртеби-кечпи, Украинага кайра табыты менен кайта турган аскерлерин жиберүүгө макул экенин белгилеген.