Мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоого катышарын үч партия билдирди. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын маалыматында айтылган. Партиялардан арыз кабыл алуу 6-октябрда жыйынтыкталды. Ага чейин катышуу ниетин билдирген партиялар: "Кырк ууз" партиясы; "Легалайз" партиясы; "Ынтымак" партиясы. Мунун ичинен "Ынтымак" партиясы гана тизмесин тапшырган. "Партиялар съездин өткөрүп, ар бир шайлоо округунан бирден талапкерди жашыруун добуш берүү жолу менен көрсөтүүгө тийиш. Съезддин чечими БШКга жөнөтүлөт. Мындан тышкары, партия башка саясий партиянын мүчөсү болбогон жарандарды да талапкер катары көрсөтө алат. Талапкерлердин тизмесин түзүүдө гендердик тең салмактуулук сакталууга тийиш, бир жыныстагы талапкерлердин үлүшү 70 пайыздан ашпоосу керек", — деп айтылат маалыматта. Эске салсак, парламентке кезексиз шайлоо 30-ноябрда өтөт.
Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанга жети жаңы мектеп жана жети кошумча корпус салып берет. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, фонддун өкүлдөрү менен курулуш министри Нурдан Орунтаев жолугуп, "Мамлекеттик мектептерди куруу" долбоорунун II фазасы боюнча түзүлгөн насыялык келишимди талкуулашкан. Аталган долбоор Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат. Министрлик анын биринчи этабы ийгиликтүү аяктаганын, анын алкагында өлкө 30 билим берүү мекемеси менен камсыз болгонун белгиледи. "Экинчи этапты ишке ашыруунун алкагында жети жаңы мектеп жана мектептерге жети кошумча окуу корпусу курулат. Долбоорду 2026-жылы баштап 2029-жылы аяктоо пландалды", — деп жазылат маалыматта.
13-октябрдан 17-октябрга чейин Боом капчыгайынын аймагында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалымат кызматы билдирди. Бул күндөрү саат 9:00дөн 15:00гө чейин автоунаалар бир тилке менен гана өтүп турат. "Эгер 30-40тан ашык автоунаа топтолсо таш түшүрүү иши убактылуу токтотулуп, машиналар өткөрүлөт. Бул иштер таштын кулашын алдын алуу жана айдоочу, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында жасалмакчы", — деп жазылат маалыматта. Ишкана таш түшүрүү иштеринен улам айдоочуларды сапарын алдын ала пландап алууга чакырат.
Зеленский Россиянын аба соккуларынан кийин Киевдин электр тармагы олуттуу зыянга учураганына күнөөлүү адамды тапканын Strana.ua. басылмасына таянып РИА Новости жазды. "Киевдин энергетикалык объектилерине келтирилген зыян үчүн Зеленский Киевдин мэри Кличко жооптуу деп эсептейт", — деп айтылат маалыматта. Басылма Зеленский ТЭЦ жакшы корголбогонуна нааразы болуп калганын кошумчалаган. "Эч нерсе кыла албаган адамдарга антикомплимент айтпайм", — деген ал. Басылма бул сөз Зеленский мурдатан бери чырдашып жүргөн Киев мэри Виталий Кличкого түздөн-түз тиешелүү экенин белгилеген. Буга чейин Кличко өлкө башчысын согуштук аракеттерге жамынып авторитаризмге жана демократиялык принциптерди жок кылып жатат деп айыптаган.