Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
7–10-октябрь күндөрү Москва шаарында өткон XIV Эл аралык газ форумуна Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев катышты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Форумдун алкагында министр “Газпром” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен жолугушуп, газ тармагындагы эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. Маалыматка караганда, өзгөчө көңүл Россиялык газды жеткирүү маселесине, ошондой эле «Газпром Кыргызстан» ишканасынын өлкөнүн газ транспорттук жана газ бөлүштүрүү системаларын алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдоо ишине бурулду. Министр Таалайбек Ибраев сүйлөшүүдө Кыргызстандын калктуу конуштарын газдаштыруу иш-чараларын каржылоонун жылдык көлөмүн кеминде 1,5 миллиард сомго көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Бул сунуш жаратылыш газына баа туруктуу бойдон калганда жана өлкөгө үзгүлтүксүз жеткирүү камсыздалганда ишке ашырылмакчы. Ошондой эле тараптар газ камсыздоону өнүктүрүү, инфраструктурага инвестиция тартуу жана муржулоочу майларды сактоо системасын жакшыртуу маселелерин да талкуулашты.
Бишкек шаарында жер мунапысын бүтүрүү боюнча иштер жигердүү жүрүп жатат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн коллегиялык жыйында айтылганын калаа мэриясынан билдиришти. Мэриядан билдиришкендей, жыйын "Бишкек жылуулук электр борборунун" аймагында өтүп, анда бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Мыйзамсыз жер пайдаланууларды мыйзамдаштыруу жана көзөмөлдү күчөтүү максатында конкреттүү чаралар көрүлүүдө. Мэрдин орун басары Азамат Кадыров айрым жетишкендиктерди белгиледи: Темир жол коргоо зонасында жайгашкан 100дөн ашык үй мыйзамдаштырылды; Көрүстөндөргө жакын жайгашкан 573 үйдүн мыйзамдаштыруу маселеси чечилди — санитардык зона 50 метрден 10 метрге чейин кыскартылды; “Үмүт” конушундагы саркынды суу зоналарында жайгашкан 300 үй мыйзамдаштырылды; Кызыл сызыктан чыгып калган 1418 турак жай мыйзамдаштырылууда; Жер мунапысын жөнгө салган жоболорго өзгөртүүлөр киргизилди — айрыкча жер тилкесинин өлчөмүн аныктоо тартиби такталды; Жер Кодексинин 63-беренесине ылайык сунуштар иштелип чыкты.
Ысык-Көл жээгинде Азербайжан тарап куруп жаткан заманбап беш жылдыздуу мейманкананын курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттиги маалымдады. Маалыматка ылайык, келечектеги мейманкана 17,2 гектар аянтты ээлейт. Жалпы аянты 29,9 миң чарчы метр болгон жети кабаттуу имаратта 120дөн ашуун номер болот. Коноктор үчүн бассейн, хамам, барлар, аквапарк, боулинг жана футбол талаасы сыяктуу түрдүү кызматтар жана көңүл ачуучу жайлар каралган. Бул шарттар эс алуучуларга жогорку деңгээлдеги ыңгайлуулукту камсыздайт. Долбоор алкагында жергиликтүү кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Кызматкерлерди эл аралык тейлөө стандарттарына үйрөтүү максатында Азербайжанда атайын окуулар өткөрүлөт.Азербайжан тарап курулуш иштерин 2026-жылдын экинчи чейрегинин аягына чейин а