Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Британиянын мурдагы премьер-министри Украинага аскерлерди жөнөтүүгө чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Борис Жонсон Украинанын көпчүлүк аймагы коопсуз экенин айтып, буга байланыштуу Россиянын эскертүүлөрүнө жооп катары Батыштын аскерлерин жөнөтүүгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Дароо эле чечишип алалы, Украинага бара турган батыштык аскерлер эч кандай шартта согуштук аракеттерге тартылбайт. Алардын милдети — фронттон алыста туруп колдоо көрсөтүү, логистика жана окутуу жагын камсыз кылуу. Украинанын көпчүлүк бөлүгү коопсуз, жибербей коюуга деле негиз жок", — деген Жонсон Daily Mail чыгарган макалада.

Сентябрдын башында Парижде Улуу Британиянын премьери Кир Стармер менен Франциянын президенти Эммануэль Макрондун төрагалыгы алдында "каалоочулар коалициясынын" катышуучуларынын жолугушуусу өткөн. Саммиттин соңунда француз лидери 26 өлкө ок атышууну токтоткондон кийин гана Украинага күчтөрдү жайгаштырууга даяр экенин билдирген.
Россиянын ТИМи НАТОго мүчө мамлекеттердин аскерлерин Украинага жайгаштыруу Россия үчүн кабыл алынгыс нерсе экенин, ал абалды гана күчөтүүгө алып келерин белгилеген. Министрлик Улуу Британияда жана Европанын башка мамлекеттеринде союзга мүчө өлкөлөрдүн Украинага контингентин жайгаштыруу мүмкүндүгү тууралуу айткандарын согуштук аракеттерди улантууга шыкак деп атаган.
АКШда федералдык кызматкерлер жумуштан жапырт бошотула баштады