Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский Россиянын аба соккуларынан кийин билдирүү жасады

Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Зеленский Россиянын аба соккуларынан кийин Киевдин электр тармагы олуттуу зыянга учураганына күнөөлүү адамды тапканын Strana.ua. басылмасына таянып РИА Новости жазды.
"Киевдин энергетикалык объектилерине келтирилген зыян үчүн Зеленский Киевдин мэри Кличко жооптуу деп эсептейт", — деп айтылат маалыматта.
Басылма Зеленский ТЭЦ жакшы корголбогонуна нааразы болуп калганын кошумчалаган.
"Эч нерсе кыла албаган адамдарга антикомплимент айтпайм", — деген ал.
Басылма бул сөз Зеленский мурдатан бери чырдашып жүргөн Киев мэри Виталий Кличкого түздөн-түз тиешелүү экенин белгилеген.
Буга чейин Кличко өлкө башчысын согуштук аракеттерге жамынып авторитаризмге жана демократиялык принциптерди жок кылып жатат деп айыптаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Британиянын мурдагы премьер-министри Украинага аскерлерди жөнөтүүгө чакырды