БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Венгрияда Брюсселдин аскердик пландарына каршы кол топтоо башталганын өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз мунун баарын көрүп унчукпай кое албайбыз! Венгр эли согушту каалабай турганын дагы бир жолу ырастайбыз. Мындан улам бүгүн Брюсселдин аскердик пландарына каршы кол топтой баштайбыз. Биз шаар, айылдарды кыдырабыз, тынчтыкты каалаган ар бир венгрди угуу маанилүү!" — деп жазган ал баракчасында.
Орбан Европа согушка улам сайын жакындап баратканын белгилеп, Европа биримдигинин стратегиясы так план эмес, түш экенин айткан.
Ал Брюсселде Будапештке каршы тыңчылык, калп маалыматтар жана юридикалык манипуляциялык айыптоолордун өнөктүгү башталганын кошумчалады. Бул 2026-жылдагы парламенттик шайлоодо улуттук багыттагы өкмөттү кетирүү, венгриялык оппозиция түрүндө "башкаруучуларды" дайындоо максатында көрүлүп жаткан аракет экенин айткан.
Ошондой эле ал Евробиримдиктин көп өлкөлөрү эртеби-кечпи, Украинага кайра табыты менен кайта турган аскерлерин жиберүүгө макул экенин белгилеген.