Кызга кол салып, муунтууга аракет кылган. Милиция Чүйдө шектүүнү кармады

Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Чүйдүн Садовое айылында кызга кол салып, муунтууга аракет кылган киши кармалганын облустук милиция кабарлады.
Окуя кечээ, 10-октябрда, кечки алтыда болгон. Милициянын маалыматында, көчөдө эч ким жоктугун байкаган киши 14 жаштагы кызды жерге жыгып, муунтууга аракет жасаган. Окуяны көрүп калгандар жетип келгенде ал качып кеткен.
"Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалды. Чүй милициясынын маалыматы боюнча, 31 жаштагы эркек киши мурда соттолгон. Тергөө уланууда.
Манаста үйлөнөм деген кызды 7 айдан бери ур-токмокко алып келген жигит кармалды