Боомдун бир тарабы 5 күн жабык болот

Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. 13-октябрдан 17-октябрга чейин Боом капчыгайынын аймагында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Бул күндөрү саат 9:00дөн 15:00гө чейин автоунаалар бир тилке менен гана өтүп турат.

"Эгер 30-40тан ашык автоунаа топтолсо таш түшүрүү иши убактылуу токтотулуп, машиналар өткөрүлөт. Бул иштер таштын кулашын алдын алуу жана айдоочу, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында жасалмакчы", — деп жазылат маалыматта.

Ишкана таш түшүрүү иштеринен улам айдоочуларды сапарын алдын ала пландап алууга чакырат.
Вице-мэр: Бишкек мэриясы жыл сайын 100 чакырым жол жасоону көздөп жатат