Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
"Бишкек шаардык транспорту" муниципалдык ишканасында автобус айдоочулары менен жыйын өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Иш-чаранын алкагында акыркы үч айдагы ишмердүүлүк боюнча отчет берилип, ошондой эле айдоочулардын эмгек шарттарын жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган чаралар белгиленди. Айдоочуларга жол кыймылынын негизги эрежелери, аялдамаларда туура токтоо тартиби эскертилди, ошондой эле жүргүнчүлөргө сылык жана жоопкерчиликтүү мамиленин маанилүүлүгү белгиленди. Мындан тышкары, жол кыймылынын эрежелерин бузуу учурлары талкууланып, аларды алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каралды.
Чүйдүн Садовое айылында кызга кол салып, муунтууга аракет кылган киши кармалганын облустук милиция кабарлады. Окуя кечээ, 10-октябрда, кечки алтыда болгон. Милициянын маалыматында, көчөдө эч ким жоктугун байкаган киши 14 жаштагы кызды жерге жыгып, муунтууга аракет жасаган. Окуяны көрүп калгандар жетип келгенде ал качып кеткен. "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалды. Чүй милициясынын маалыматында, 31 жаштагы эркек киши мурда соттолгон. Тергөө уланууда.
Нарын районунун Ак-Кыя айылы ичүүчү таза суу менен камсыздалды. Бул тууралуу Нарын облусундагы айылдарды таза суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасынын координатору Улан Байгончоков билдирди. Анын айтымында, долбоор Азия өнүктүрүү банкы жана АРИС тарабынан ишке ашырылган. Долбоорду ишке ашырууга 155 млн сом сарпталган. "Кубаттуулугу 25 куб метрди түзгөн суу мунарасы орнотулуп, ал айыл тургундарын күнү-түнү таза суу менен камсыздай алат. Учурда айылда 123 түтүн жашайт. Долбоордун алкагында ар бир үйгө суу эсептегичтер орнотулууда",-деди ал. Ак-Кыя айылдык кеңешинин депутаты Ардак Мамырова белгилегендей, буга чейин айыл эли сууну ар кандай ыкмалар менен камсыздап келишкен. Айрыкча жаш келиндер жана балдар алыстан суу ташып келүүгө мажбур болушкан.
Зеленский Россиянын аба соккуларынан кийин Киевдин электр тармагы олуттуу зыянга учураганына күнөөлүү адамды тапканын Strana.ua. басылмасына таянып РИА Новости жазды. "Киевдин энергетикалык объектилерине келтирилген зыян үчүн Зеленский Киевдин мэри Кличко жооптуу деп эсептейт", — деп айтылат маалыматта. Басылма Зеленский ТЭЦ жакшы корголбогонуна нааразы болуп калганын кошумчалаган. "Эч нерсе кыла албаган адамдарга антикомплимент айтпайм" — деген ал. Басылма бул сөз Зеленский мурдатан бери чырдашып жүргөн Киев мэри Виталий Кличкого түздөн-түз тиешелүү экенин белгилеген. Буга чейин Кличко өлкө башчысын согуштук аракеттерге жамынып, авторитаризмге жана демократиялык принциптерди жок кылып жатат деп айыптаган.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: