Санарип инструменттер балдарга арналган товардын ЕАЭБге мыйзамсыз киришинен коргойт

Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. ЕАЭБде балдарга арналган товарларды мыйзамсыз ташып кирүүгө каршы чара катары каралып жаткан санариптик инструменттер жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Руслан Давыдов айтып берди.
Ал санариптик маркалоо ЕАЭБ өлкөлөрүндө кеңири колдонулуп жатканын белгиледи. Министрдин айтымында, мамлекеттерде товарларды маркалоо масштабы ар кандай болушу мүмкүн, бирок иш жүрүп жатат, товардын конкреттүү бирдигинин мыйзамдуу жүгүртүлүшүнө көз салууга мүмкүнчүлүк бар.
Продукцияны ташууда "электрондук документтер" деп аталган дагы бир курал бар. Бул санариптик экосистеманы түзүү менен бирге товарларды жүгүртүүдө ачыктыкты камсыздайт.
"Мындай инструменттерди ишке киргизүү менен товарлардын кыймылы тууралуу маалымат базасын түзүүгө жол ачылат. Аларды бажы органдары гана эмес, башка кызыкдар көзөмөлдөөчү структуралар да талдай алгандыктан шектүү продукцияларды аныктоого мүмкүн болот", — деди Давыдов.
Анын айтымында, ушул жылдын июль айында ЕЭК коллегиясы Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө бажы декларациясындагы 31-графанын толтурулушун текшерүү боюнча кошумча чараларды көрүүнү сунуштаган. Кеп импорттолуучу кийим-кече жана бут кийимдердин толук сүрөттөлүшү жөнүндө болуп жатат.
"Эгер декларацияда артикул, модель, өндүрүүчү жана соода маркасы көрсөтүлбөсө импорттун мыйзамдуулугун көзөмөлдөө кыйла татаал экенин түшүнүп турабыз. Ошондуктан ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын контрафактыга жана жасалма продукцияга каршы күрөшүүдө күч-аракеттерди синхрондоштуруу боюнча биргелешкен иш жүргүзүү зарыл", — деди Давыдов.
ЕАЭБде мыйзамсыз продукцияларды аныктоодо жасалма интеллект колдонулууда