Чейрек кылым мурда түптөлгөн. ЕАЭБ тарыхы видеодо

Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. 2000-жылдын 10-октябрында Астана шаарында ЕврАзЭС уюмун түзүү боюнча келишимге кол коюлган.
Ага Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан кирген. 2006-жылы уюмга Өзбекстан кошулуп, бирок 2008-жылы октябрда чыгып кеткени белгилүү. Ал эми Украина, Молдова жана Армения байкоочу өлкөлөр болчу.
Бажы союзу түптөлүп, Евразиялык экономикалык комиссия иштей баштаган.
2003-жылы биримдик БУУнун Башкы Ассамблеясында байкоочу статусун алган.
2006-жылдын 16-августунда Сочи шаарында ЕврАзЭСке мүчө өлкөлөр үч мамлекеттин (Беларусь, Казакстан, Россия) Бажы биримдигин түзүүнү чечишкен.
2014-жылдын 10-октябрында ЕврАзЭСтин ишин 2015-жылдын 1-январынан тарта токтотуу келишимине кол коюлган. Анын ордуна ЕАЭБ түзүлгөн.
Кыргызстан мунай жана мунай продуктуларын ЕАЭБден сырт эскпорттоого тыюу салды