БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Нобелдин тынчтык сыйлыгы Венесуэла оппозициясынын лидери Мария Корина Мачадого ыйгарылды. Бул тууралуу Ослодогу Нобель комитети билдиргенин РИА Новости жазды.
Сыйлыкка негизги талапкерлердин бири катары АКШ президенти Дональд Трамптын аты аталып жаткан.
Ошол эле учурда айрым маалымат каражаттары Трамптын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) ишин токтоткону, кээ бир өлкөлөргө бажы төлөмдөрүн киргизген чечимдери аны аталган сыйлыктан алыстатарын айтып жатышкан.
Түркиянын Hürriyet гезитинин жазганына таянсак, АКШ лидери сыйлыкты алуу үчүн 10-октябрга чейин Газа секторунда тынчтык орнотууга жан үрөп жаткан.