Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн экономикасындагы оң өзгөрүүлөрдү тизмектеди

Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда, Тажикстандагы иш сапарынын алкагында КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында сүйлөдү. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров Шериктештик мамлекеттериндеги социалдык-экономикалык абалдын чыңдалышы чөлкөмдүн инвестициялык жагымдуулугу жогорулаганын көрсөтүп турарын белгилеген.
"Мындай жыйынтык интеграциялык механизмдердин жана сооданын жөнөкөйлөтүлгөн режимдеринин натыйжалуулугун көрсөтүп, жалпы экономикалык мейкиндикти түзүүгө ырааттуу жылышты тастыктайт", — деди мамлекет башчы тар курамдагы жыйында.
Андан соң КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери кеңейтилген курамдагы жыйынга катышып, анын жыйынтыгында коопсуздук, экономика, транспорт, энергетика жана гуманитардык кызматташтык чөйрөлөрүндөгү координацияны күчөтүүгө багытталган документтердин топтомуна кол коюлду.
ШКУ КМШ алдында байкоочу макамын алат. Саммитте кол коюлган документтер