БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Душанбеде өткөн КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны бүткөн соң журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Ал Трамптын Нобелдин тынчтык сыйлыгын албай калганы боюнча да пикирин билдирген.
“Комитет тынчтык үчүн эч нерсе жасабаган адамдарга сыйлыкты тапшырып койгон учурлар болгон. Менимче, бул сыйлыктын кадыр-баркына шек келтирип жатышат. Трамптын татыктуу же татыктуу эмес экенин билбейм. Бирок ал чындап эле ондогон жылдарга созулган кризистерди чечүү үчүн жан үрөп жатат”, — деди Путин.
Анын айтымында, Трамп Украина жаңжалын жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча дагы иштеп жатат.
“Эгер Дональд умтулган нерселеринин баарын аягына чыгарып ишке ашырса, бул тарыхый окуя болуп калат”, — деди РФ президенти.
Путиндин кебинин башка дагы урунттуу учурлары:
"КМШ плюс" платформасы Шериктештикти үй-бүлөлүк уюм кылбастан, жаңы макам берет;
РФ мигранттарга кызыкдар, бирок алар мыйзамга баш ийген жарандар болушу керек. Миграция чөйрөсүндө көйгөйлөр көп;
Россия жакында "бир кезде жарыялаган" жаңы куралын көрсөтөт;
Трамп Украинадагы кризисти чечүүнү чын дилинен каалап жатат;
эгер айрым өлкөлөр өзөктүк куралдарды сыноодон өткөрүүнү чечсе, Россия дагы ошол эле жоопту кайтарат;
Россия менен Азербайжандын ортосунда мамлекеттер аралык кризис болгон жок, өлкөлөр трагедиялуу окуядан улам "эмоциялык кризиске" туш болушту;
РФ менен Азербайжан баракты жаап, байланыштарды андан ары өнүктүрөт деп ишенем.