Кыргызстандагы шайлоо системасы башка өлкөлөргө үлгү боло турган деңгээлде. Мындай пикирин Акбалык Жумалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү системага сырттан кызыгуу абдан көп.
"Бул шайлоого сырттан миңге жакын байкоочу келери күтүлүүдө. Мурдагы шайлоолордо деле бизге абдан көп байкоочулар келген. Себеби биздин шайлоо системабыз баарына кызык, өзүбүзгө алсак дегендер бар. Айрым коңшу өлкөлөр келип үйрөнүп кетип жатышат. Анткени биздеги шайлоо системасы үлгү боло турган деңгээлде, бир дагы добушту нары же бери кетирбеген ачык система. Аны чет элден келген байкоочулар көрүп жатышат. Ошон үчүн сырттан кызыгуу абдан көп", — деди Жумалиева.
Ошондой эле ал бу жолу шайлоого катышкандардын саны көп болорун, себеби ички жана тышкы миграцияда жүргөндөргө добуш берүүгө жакшы шарт түзүлгөнүн кошумчалады.