Кулубаев КМШ өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын жыйынына катышты

Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Душанбе шаарында өткөн КМШ мамлекеттеринин ТИМ башчыларынын жыйынына катышты.
Министрлик тараткан маалыматта ведомство башчылары актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, КМШнын алкагындагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашканы айтылат.
1 / 2

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Душанбе шаарында өткөн КМШ мамлекеттеринин ТИМ башчыларынын жыйынына катышты

2 / 2

Министрлик тараткан маалыматта ведомство башчылары актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, КМШнын алкагындагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашканы айтылат

Мындан тышкары, аймактык коопсуздукту камсыз кылууда тышкы саясат ведомстволорунун кызматташуусуна, эл аралык жана аймактык уюмдар менен иш алып барууну кеңейтүүгө да көңүл бурулган.
Кийинки жолугушуу 2026-жылдын 17-апрелинде Калининградда өтмөкчү.
Жапаров Россия менен дагы кайсы жаатта кызматташса болорун айтты