БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. 2014-жылы киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаева боюнча кылмыштын бети ачылганын мурунку башкы прокурор Аида Салянова соцтармакта билдирди.
"Убагында мени каралоо максатында жаш кыздын өлүмүн саясатка аралаштырып, кылмыш ачылбай калган. Бул окуя Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө кандай тиешеси бар? Ушул баракчамдан бүгүн саат 20.30да түз эфирге чыгам", — деген ал.
Салянова бирок кийинчерээк ИИМдин өтүнүчү менен маалымат бир-эки жумадан кийин берилерин айткан. Министрлик азырынча үн ката элек.
19 жаштагы Камила Дүйшөбаева 2014-жылы Достук кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон. Бир жумадан кийин анын сөөгү Бишкектин четинен табылган. Кылмыш ишинде мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын тууганы Калыбек Элтуйбасовдун (Салянов) аты аталган болчу.