БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бүгүн жергиликтүү саат менен 12:00дөн тарта Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу макулдашуусу күчүнө кирди. Бул тууралуу Израилдин Коргоо армиясынын (ЦАХАЛ) маалымат кызматы билдиргенин РИА Новости жазды.
Билдирүүгө караганда, саат 12:00дөн баштап ЦАХАЛ аскерлери ок атышууну токтотуу келишимин аткаруу үчүн барымтадагыларды кайтарууга даярдык көрүү максатында жаңы линияларга жайгашып, белгиленген позицияларды ээлей баштаган.
"Ошондой эле Түштүк командачылыгына караган ЦАХАЛ аскерлери ушул аймакта жайгашып, бардык түздөн-түз коркунучтарды жок кылуу аракетин уланта беришет", — деп белгиленген маалыматта.
Эскерте кетсек, ХАМАС менен Израиль согушту токтотуу боюнча пландын биринчи фазасын аткарууга макул болушканын АКШ президенти Дональд Трамп менен Катардын Тышкы иштер министрлиги билдирген. Палестин кыймылы анын алкагында барымтадагылардын баарын бошотуп, Тель-Авив аскер күчүн белгиленген чекке чыгарып кетмек. Атышууну токтотуу боюнча 20 пунктудан турган планды АКШ сентябрда сунуштаган.
Трамптын айтымында, барымтадагылар дүйшөмбү күнү бошотулушу керек. Ynet порталынын маалыматы боюнча, ЦАХАЛ биринчи этапта Газа аймагынын 53 пайызын көзөмөлдөп, аскерлерин ал жерден чыгарып кетет. ХАМАС аталган келишимди ырастады, тирүү калган израилдик туткундар дээрлик 2 миң палестиналык туткунга алмаштырылат.