БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин Дональд Трампты Нобель сыйлыгына талапкер катары көрсөтүү үчүн "Томагавк" ракеталарын сурашы — аша чапкандык. Бул тууралуу Франциянын "Патриоты" партиясынын лидери Флориан Филиппо соцтармакка жазганын РИА Новости кабарлады.
"Акылынан адашкандар", — деп жазган ал Зеленскийдин билдирүүсүнө комментарий жазып жатып.
Саясатчы жаңжалга от койгон лидерлерди колдоону токтотуп, Украинага "кесепеттүү" курал-жарак жөнөтүүнү бөгөттөөгө чакырган.
"Зеленский Нобель сыйлыгы үчүн ат салышууда Трампты Украинага "Томагавк" ракеталарын берсе гана колдой турганын жар салды! Зеленский менен акылынан айныган аскер адамдарын колдоону токтотолу", — деп жазды Филиппо.
Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп ушул жумада Украинага "Томагавк" ракеталарын берүү жаатында чечим кабыл алганын, болгону Киев аларды кандайча пайдаланарын билгси келерин билдирген.
Кремль мындай кадам кырдаалды курчутуп жиберерин айткан.
Telegraph гезитинин маалыматы боюнча, Владимир Зеленский АКШ президентинен сентябрдагы жолугушууда канаттуу ракета сураган. Axios порталы бул Трамп Киевдин өтүнүчүнөн баш тарткан жалгыз пункт экенин, калган сурамы канааттандырылганын жазган эле.
WSJ гезити Ак үй башчысы Россиянын тереңине америкалык курал менен сокку урууга салынган чектөөнү алып салуу маселесин карап чыгууга даяр экенин, бирок түз милдеттеме албаганын кабарлаган.
Ал эми "Валдай" эл аралык дискуссиялык клубунун жыйынында РФ президенти Владимир Путин Украина Куралдуу күчтөрү "Томагавкты" америкалык аскерлердин жардамысыз колдоно албай турганын айткан. Ал россиялык абадан коргонуу күчтөрү ATACMS ракеталарына ыңгайлаша алганын, жаңы куралдын да эбин табарын билдирген.