БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Эмгек министрлиги 2 миллион сомго чейинки "Бала береке" жөлөк пулун кимдер кантип аларын түшүндүрдү
Эске салсак, кийинки (2026) жылдын 1-январынан баштап тоолуу, жетүүгө кыйын аймактарда кеминде эки жыл туруктуу жашаган энелерге төртүнчү баласын төрөгөндөн баштап мамлекет ири суммада жөлөк пул бере баштайт.
Төлөмдү алуу жолу:
акча бала бир жашка толгондо берилет. Аны алуу үчүн арызды бала бирге чыккандан кийин алты айдын ичинде берүү керек;
чарчап калган баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болсо, ал да эсепке алынат. Тагыраагы, аял төрттү төрөп, ага чейинки балдарынын бири каза болуп, бирок документи болсо акча төлөнөт;
эгер бөбөктүн апасы бала бир жашка чыкканга чейин каза болуп калса, наристе бир жашка толгондо тийиштүү өлчөмдөгү мамлекеттик балдар аманаты ачылат.
Бул жөлөк пул кайсы учурда берилбейт:
жалган же туура эмес документтер берилсе;
балдар мамлекеттин кароосунда болсо;
апасы КР жараны болбосо, кайрылман статусу жок болсо;
эненин тоолуу, алыскы аймакта жашаганын тастыктаган документ болбосо;
тоолуу аймакта катталып, бирок ал жакта жашабаса;
аял энелик укугунан ажыратылган болсо;
эне камакта, абакта болсо, баланы багууга жөндөмсүз деп табылса.
Төлөмдү алуу үчүн талап кылынган документтер:
эненин паспорту же кайрылман күбөлүгү;
бардык балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
эгер эгиз же үч эм төрөлгөн болсо, төрөт тууралуу тастыктама;
каражат которуу үчүн банктык реквизиттер.