БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Ишембиде өлкөнүн бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 19…24, Таласта 17…22, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 20…25, Ысык-Көл жеринде 15…20, Нарын чөлкөмүндө 14…19 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 20…22, Ош шаарында 22…24 градусту көрсөтөт.