Угул жылдын ноябрь айында Бишкекте самбо боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпионаты өтөт. Ага 20дан ашык мамлекеттен күчтүү спортчулар чогулуп, байгелүү орундар үчүн ат салышат. Өлкө буга чейин эки жолу самбо боюнча дүйнө биринчилигин өткөрүп, чоң тажрыйбага ээ болгон. Ири мелдеш, кыргыз самбочуларынын көрсөткүчтөрү, самбону жайылтуу тууралуу Кыргызстандын самбо федерациясынын вице-президенти Муратбек Арыстанбеков маек курду.