Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда Тажикстанга болгон иш сапарынын алкагында Душанбе шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Шериктештиктин мейкиндигинде өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана кеңейтүү боюнча көрүлгөн олуттуу иштерди белгиледи. Ал ошондой эле Шериктештик мамлекеттериндеги социалдык-экономикалык абалды чыңдоого көңүл буруп, бул прогресс негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүшүн, инфраструктуранын өнүгүшүн жана чөлкөмдүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууну көрсөтүп турарын баса белгиледи.Андан соң КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери кеңейтилген курамдагы жыйынга катышып, анын жыйынтыгында коопсуздук, экономика, транспорт, энергетика жана гуманитардык кызматташтык чөйрөлөрүндөгү координацияны күчөтүүгө багытталган документтердин топтомуна кол коюлду.
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин кийинки саммити 2026-жылдын 9-октябрында Түркмөнстанда өтөт. Бул тууралуу КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев Душанбедеги саммиттин тар чөйрөдөгү жыйынында кабыл алынган чечимдер тууралуу маалымат берип жатып билдирди. "Делегация башчылары Түркмөнстан 2026-жылы Шериктештикте төрагалык, ал эми Тажикстан менен Өзбекстан тең төрагалык кылары жөнүндө чечим кабыл алышты. Салтка ылайык, иш-чара төрагалык кылган өлкөдө өткөндүктөн кезектеги жыйын 2026-жылдын 9-октябрында Түркмөнстанда болот", — деди Лебедев.
Sputnik Азербайжан агенттигинин жетекчиси Игорь Картавыхтын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу РИА Новостиге "Россия сегодня" эл аралык медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев айтып берген. Азербайжан бийлиги 30-июнь күнү Sputnik Азербайжан агенттигинин жети кызматкерин негизсиз кармап кеткен. Редакциянын жетекчиси Игорь Картавых менен шеф-редактору Евгений Белоусов төрт айга камакка алынган. "Россия сегодня" эл аралык медиатобу Азербайжан бийлигин кызматкерлерди бошотууга жана абалды токтоосуз жөнгө салууга чакырган.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, вице-мэр Виктория Мозгачева Эл аралык Дельфи комитетинин директору Владимир Понявин менен жолугушту. Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда тараптар 2025-жылдагы Дельфи оюндарынын уюштурулушу жана өткөрүлүшү боюнча пландарды, анын ичинде 2030-жылга чейинки пландарды талкуулашты. Белгилей кетсек, Үчүнчү Ачык Бишкек Дельфи оюндарын 2025-жылдын март-апрель айларында өткөрүү пландалууда. Дельфи оюндары-бул искусствонун ар кандай түрлөрү боюнча таланттуу балдарды бириктирген уникалдуу эл аралык аянтча. Мындай оюндарды өткөрүү маданий диалогду өнүктүрүүгө жана эл аралык байланыштарды чыңдоого жардам берет.
Нобелдин тынчтык сыйлыгы Венесуэла оппозициясынын лидери Мария Корина Мачадого ыйгарылды. Бул тууралуу Ослодогу Нобель комитети билдиргенин РИА Новости жазды. Сыйлыкка негизги талапкерлердин бири катары АКШ президенти Дональд Трамптын аты аталып жаткан. Ошол эле учурда айрым маалымат каражаттары Трамптын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) ишин токтоткону, кээ бир өлкөлөргө бажы төлөмдөрүн киргизген чечимдери аны аталган сыйлыктан алыстатарын айтып жатышкан. Түркиянын Hürriyet гезитинин жазганына таянсак, АКШ лидери сыйлыкты алуу үчүн 10-октябрга чейин Газа секторунда тынчтык орнотууга жан үрөп жаткан.