Эмчек рагы энеден балага өтөбү — Ракты алдын алуу үчүн аялдар эмне кылышы керек?

Sputnik
Өлкөдө жыл сайын 700дөй аялдан эмчек рагы аныкталат. Бул илдет жашарып баратат. Өспүрүм кыздардан да аныкталган учур катталды. Эмчек рагынан тышкары аялдардын арасында жатын моюнчасынын рагы да көбөйүүдө. Ар бир аял эмчек рагын алдын алуу үчүн эмне кылышы керектигин онколог жана маммолог Азамат Жапаркулов айтып берди.