БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кремлдин сайтына КМШ лидерлери Тажикстандагы саммиттин жыйынтыгы боюнча 19 документке кол коюшканы жарыяланды.
Тизме:
2026-жылы КМШга төрагалык кылуу жөнүндө чечим;
КМШнын башкы катчысы жөнүндө чечим;
КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө протоколдук чечим;
КМШнын Адам укуктары боюнча комиссиясынын 2023–2025-жылдардагы ишмердүүлүгү жөнүндө чечим;
2026–2028-жылдарга КМШга катышкан мамлекеттердин терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтык программасы жөнүндө чечим;
2026–2030-жылдарга КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы чек араларында чек ара коопсуздугун чыңдоо боюнча кызматташуу программасы жөнүндө чечим;
КМШга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан эл аралык көзөмөлдөнгөн жеткирүүнү уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө келишим;
КМШга мүчө мамлекеттердин 2030-жылга чейинки аскердик кызматташтыгынын концепциясы жөнүндө чечим;
Аймактык энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө декларациясы тууралуу чечим;
1998-жылдын 6-мартындагы соттолгон адамдарды жазасын андан ары өтөө үчүн өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга карата биринчи факультативдик протокол;
1993-жылдын 24-сентябрындагы качкындарга жана аргасыздан жер которгон адамдарга жардам көрсөтүү жөнүндөгү макулдашуунун колдонуу мөөнөтүн токтотуу тууралуу протокол;
2005-жылдын 26-августундагы КМШга катышкан мамлекеттердин жогорку финансылык көзөмөл органдарынын жетекчилеринин мамлекеттер аралык кеңеши жөнүндөгү чечимди колдонууну токтотуу жөнүндөгү чечим;
"КМШ плюс" форматын түзүү жөнүндө чечим;
КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндөгү биргелешкен билдирүүсү тууралуу чечим;
Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууну каржылоого каршы аракеттенүү жаатында КМШга катышкан мамлекеттердин башчыларынын билдирүүсү жөнүндө чечим;
Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын биргелешкен билдирүүсү жөнүндө чечим;
Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын 40 жылдыгына байланыштуу КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын билдирүүсү жөнүндө чечим;
Шанхай кызматташтык уюмуна КМШ алдында байкоочу макамын берүү жөнүндө чечим;
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин органдарында эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуу жөнүндө протоколдук чечим.