БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Тарыхты кайра жазууга, өзгөчө Улуу Ата Мекендик согушка катышкан аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын эрдиги тууралуу тарыхты өчүрүүгө аракет кылып жаткан күчтөр бар. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Марат Иманкулов билдирди.
Ал мындай пикирин Улуттук тарых музейинин 100 жылдыгына арналган эл аралык конференциянын ачылышында айткан.
"Тарыхты муундан-муунга, жаштарга айтып, өткөрүш керек. Бул процессти азыр үзгүлтүккө учуратып койсок, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов айткандай, маңкуртка айланып кетебиз. Буга жол бербешибиз керек", — деген мамкатчы.
Бишкекте өтүп жаткан иш-чарага КМШ өлкөлөрүнөн 200дөй адам катышууда. Анын ичинде музей жетекчилери, окумуштуулар, жазуучулар жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү бар.
Белгилей кетсек, 1925-жылы 9-декабрда Кыргыз автономиялуу облусунун Аткаруу комитетинин тѳрагасы Абдыкадыр Орозбековдун жетекчилигинде өткөн президиумдун отурумунда музей түзүү тууралуу токтом кабыл алынып, эки жыл ичинде борбордук музей түзүлгѳн.