БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Эмомали Рахмондун чакыруусу менен бүгүн, 9-октябрда, Тажикстанга иш сапары менен барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жапаровду аэропорттон Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
"Мамлекет башчы сапарынын жүрүшүндө "Борбор Азия – Россия" саммитине жана КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат", — деп айтылат маалыматта.
Саммиттин соңунда өз ара кызматташууга түрткү берүүгө багытталган бир катар биргелешкен документтерге кол коюлат.