Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Душанбеде жолугушту

Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, Тажикстанга жасаган иш сапарынын алкагында президент Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.
Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу күн тартибин, ошондой эле ар кандай тармактарда мындан аркы өз ара кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Переговоры Садыра Жапарова и Эмомали Рахмона в Душанбе
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөлөр аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташып, бири-биринин демилгелерин колдоп жатканын канааттануу менен белгилеген.
Ал эми Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамилелери кылымдар бою келе жаткан достук жана коңшулаштык байланыштарга негизделгенин белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар эки жактуу жана көп тараптуу форматтарда мындан аркы кызматташтыкты бекемдөө үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө макулдашышты.
Садыр Жапаров Тажикстанга иш сапары менен барды