БИШКЕК, 9-окт. —Sputnik. Россия менен биргелешкен ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда чоң мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатабыз. Бул тууралуу Садыр Жапаров "Борбор Азия — Россия" саммитинде билдирди.
Иш-чара бүгүн, 9-октябрда, Душанбе шаарында өттү.
Президент Кыргызстан үчүн Борбор Азия өлкөлөрү жана Россия ар дайым негизги өнөктөш бойдон кала берерин белгилеген.
“Борбор Азия өлкөлөрү дүйнөлүк рынокторго жол ачкан эл аралык транспорттук коридорлордун бир бөлүгү болуп калууда. Региондун транспорттук потенциалын ишке ашырууга жана Россиянын Кытай, Иран жана башка өлкөлөр менен транспорттук байланышын камсыздоого багытталган долбоорлорду ишке киргизүү боюнча биргелешкен аракетти күчөтүү зарыл деп эсептейм”, — деген Жапаров.
Ал Кыргызстан чакан жана орто ГЭСтерди, кайра жаралуучу энергия булактарын куруу боюнча долбоорлорду баскыч баскычы менен ишке ашырууну жигердүү улантууда деген.
Мамлекет башчы трансчек аралык туризм Кыргызстанда тездик менен өнүгүп, экономикалык өсүштүн маанилүү фактору болуп баратканын белгилеген.
Курчап турган чөйрөнү коргоо маселесине токтолгон Садыр Жапаров Кыргызстандын аймагындагы уран казуу өндүрүшүнүн таасирине кабылган аймактарды рекультивациялоо боюнча Россия менен эки жактуу жана көп тараптуу ийгиликтүү кызматташууну мисал келтирген.
Сөзүнүн соңунда Жапаров Кыргызстан өзүнүн союздаштары жана стратегиялык өнөктөштөрү менен достук алакаларды өнүктүрүүгө багыт алганын жана бул форматта активдүү саясий диалогду улантууга умтуларын белгилеген.