Путин: Россия Борбор Азия өлкөлөрүнүн алдыңкы инвесторлорунун бири

Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Россия Борбор Азия өлкөлөрүнүн алдыңкы инвесторлорунун бири экенин РФ президенти Владимир Путин Душанбедеги "Борбор Азия — Россия" саммитинде билдирди.
Анын айтымында, Россиянын Борбор Азияга салган инвестициясынын көлөмү 20 миллиард доллардан ашат.
Путиндин кебинин урунттуу учурлары:
биздин өлкөлөр ортосундагы эсептешүүлөрдө улуттук валютаны пайдаланууга басым жасоо аракеттери жүрүүдө;
Россия жана "бештик" мамлекеттери энергетика тармагындагы өнөктөштүктү тереңдетүүдө. Кеп заманбап технологиялар боюнча атомдук станцияларды куруу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү жөнүндө болууда. Россиялык компаниялар ГЭС курууга, суу-энергетикалык инфраструктураны коопсуз иштетүү жана сууну үнөмдүү пайдалануу боюнча долбоорлорго кошулууга даяр;
Москва Борбордук Азиядагы компаниялардын Россиянын өнөр жайды өнүктүрүү боюнча масштабдуу программаларына кошулушуна кызыкдар;
Россия Борбор Азия менен жаңы логистикалык байланыштарды түзүүгө даяр. Анда Түндүк —Түштүк жана Чыгыш — Батыш магистралдык каттамдарын жолго коюу негизги тапшырма болуп саналат.
Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Душанбеде жолугушту