БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Иса Ахунбаев атындагы Kыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окутуучусу 150 миң сом пара алууга шектелип кармалганын УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, атайын кызмат Кылмыш-жаза кодексинин "Ири өлчөмдө опузалап пара алуу" беренеси менен иш козгогон. Иликтөөнүн жүрүшүндө окуу жайдын 38 жаштагы Д.Н.Д. аттуу мугалими студенттерден 150 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Окуу бөлмөсүндө 23 жаштагы А.А. аттуу стдент дагы болгон. Аны тинтүү учурунда жанынан 100 миң сом табылган. Өз көрсөтмөсүндө кыз акчаны өзү окуган тайпадагы студенттерден чогултканын, алдыдагы кышкы сессиядан ийгиликтүү өтүү үчүн акчаны аты аталган окутуучуга берүүнү көздөгөнүн айткан.
"Мугалим кызматтык абалынан пайдаланып, студенттерден экзамендердин оң жыйынтыгы үчүн акча талап кылып, эгер бербесе зачетторду тапшыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, экзаменден алган упайларын төмөндөтүп саларын айтып коркуткан", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле иликтөөдө алынган ыкчам маалыматтарга ылайык, аталган окутуучу студенттер менен иш жүзүндө сабак өткөрбөгөнү жана бекитилген окуу планын толук аткарбаганы аныкталган. Пара алуу максатында студенттердин экзамендик упайларын атайылап төмөндөткөн. Мугалим тергөө абагына киргизилди.