БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Чынарбек Изабеков Венгриянын Татабания шаарында өтүп жаткан ардагерлер арасындагы спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясынан билдиришти.
Ал 51-55 жаш арасындагы спортчулар менен 100 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашкан. Изабеков 1/8 финалдан баштап, катары менен төрт жеңишке жетип, дүйнө чемпиону болду.
Чечүүчү кармашта АКШдан келген Элвин Риггсти 6:2 эсебинде жеңип, алтын медаль утуп алды.
Чынарбек Изабеков — ардагерлер арасында беш жолку дүйнө чемпиону. Буга чейин ал 2015, 2016, 2021 жана 2022-жылдары дүйнө биринчилигин алган. Ошондой эле Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусунун эсебинде дүйнө чемпионаттарынын үч күмүш жана эки коло медалы бар. Олимпиаданын күмүш жана коло байгелеринин ээси Мээрим Жуманазарованын машыктыруучусу.