БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Ички иштер министрлиги Ак-Ордодогу жүрөк үшүн алган кылмыштын жаңы жагдайлары ачыкталган видео жарыялады.
Анда эки бир туугандын өлүмүнө шектелген 19 жаштагы бала уурулукка кирип, бирок үй ээлери ойгонуп кеткендиктен аларга кол салганын айтып берген. Мындан тышкары, үйгө кантип киргенин, кылмышты кантип жасап, бычактарын кайда катканын баяндаган.
Буга кошумча, видеодон эки бычактын сүрөтү, үйдөгү абал, маркумдун унаасы көрсөтүлдү. Ошондой эле жигитти Ак-Ордодон алып кеткен таксисттин комментарийи бар. Ал шектүү Гагарин — Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинен түшүп калганын билдирди.
Эске салсак, 3-октябрда Ак-Ордо жаңы конушунда иниси менен эжеси киши колдуу болгон. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен иш козголгон. Андан кийин ИИМ шектүүнүн окуя болгон аймакта басып бараткан видеосун жарыялады. Көп узабай аялдын колуна бала көтөрүп, дагы эки чүрпөсүн ээрчитип, түнү жылаңайлак качып бараткан видеосу интернет желесине тараган.
Ал эми 7-октябрда кылмышка шектелип 19 жаштагы улан кармалды. Кечээ, 8-октябрда, ИИМ шектүүнүн жүргөн жерлеринен жана окуя болгон үйдөн топтолгон видео, сүрөттөрдү таратты.
Маркумдун келинчеги милицияга окуянын кандай болгонун ыйлап айтып, көрсөтмө берген. Анда маркумдун жубайы үйүнө кирип жакындарын бычактап кеткен уланды милиция көрсөткөн сүрөттөрдөн таанып жатканын айткан.