СССРге кол салган Германия Кавказды эки айда алып, Бакуга чейин жетип, андан ары Иран менен Индияга жүрүп кетебиз деген план түзгөн. Алар "Перс коридорунан" өтүп, майдын жетишпеген көйгөйүн чечүүнү көздөшкөн.
Нацисттер алгач Кавказдын тереңине жетип барууга жакшылап киришкен, Туапсе менен Грозныйга бир нече ирет аракет кылганы менен анысы ишке аша койгон эмес. Бир нече ирет мизи кайтарылган.
Коргонуу согуштарында немец аскерлерин алсыраткан кызыл армиячылар алардын артынан түшөт.
Жогорудай айткандай, тараза ташы СССР тарапка оой баштайт. 1943-жылдын 3-январында СССРдин ар улуттан турган аскерлери Моздокту, 11-январда Пятигорскини, 21инде Ставрополду, 12-февралда Краснодарды бошотот.
1943-жылы 4-февралда советтик деңиз аскерлеринен турган десант түшөт. Алгач Новороссийскиде болуп, жээкте анча чоң эмес аймакты 225 күн кармап турат. Ошол кармаш толук бошотулган күн — 1943-жылдын 16-сентябрына чейин уланат, андан соң аймак нацисттерден тазаланат.
Кавказ кармашы 442 күнгө созулуп, узактыгы боюнча Улуу Ата Мекендик согуштагы Ленинграддын 900 күндүк коргонуусунан кийинки эле орунда турат.