Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Мамлекеттик салык кызматы өзүнчө бөлүмгө укук коргоо органынын макамын ыйгаруу үчүн иштелип чыккан өкмөттүн токтом долбоорун чакыртып алат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Буга чейин ушундай демилгени камтыган документ ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорунун коомдук талкуусунун бирдиктүү порталына илинген. "Талкуунун жүрүшүндө коомчулуктун пикирин эске алуу менен Салык кызматы аталган долбоорду кайтарып алуу чечимин кабыл алды", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев "Газпром" ишканасынын башкаруу комитетинин төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка караганда, алар 7-10-октябрь аралыгында Россиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан XIV эл аралык газ форумунун алкагында жолугушкан. Тараптар Кыргызстанга газ жеткирүү, көгүлтүр от ташыган жана бөлүштүргөн тутумдун күз-кыш мезгилине даярдыгын талкуулашкан. "Министр калктуу конуштарды газдаштыруу үчүн жылдык каржылоонун суммасын кеминде 1,5 миллиард сомго көтөрүүнү, көгүлтүр оттун баасын өзгөртпөй сактап калуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстан Газадагы абалды жөнгө салуу боюнча башталган процессти кубаттайт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармак аркылуу билдирди. Анда өлкө эл аралык укуктук принциптерге, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык демилгелерин колдоого берилгендигин дагы бир жолу ырастай турганын белгилеген. "АКШнын президенти Дональд Трамптын тынчтык демилгеси, ошондой эле Египеттин, Катардын жана Түркиянын дипломатиялык аракеттери дүйнөлүк коомчулуктун кеңири колдоосуна татыктуу", — деди ал.
РФ лидери Владимир Путин менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев Тажикстанда жолугушту. Путин кебин Азербайжандын AZAL авиакомпаниясынын учагынын кыйрашы боюнча баштаган. Ал каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, бул трагедия Россия Федерациясынын асманында болгондугу үчүн Азербайжандын президентинен кечирим сураганын эскертти. Путиндин кебинин урунттуу учурлары булар: Кырсык болгон күнү Россия РФтин чек арасынан өтүп кеткен Украинанын үч пилотсуз учагынын артынан жүргөн Жүргүнчү ташыган учак, кыязы, жарылуучу затка эмес, сыныктарга урунган Учактын экипажынан Махачкалага конууну суранышкан, бирок алар өз аэропортуна барууну чечишкен Окуя кылдат талданган соң себептери белгилүү болду Россия авиакырсыкка байланыштуу бардык аткаминерлердин аракеттерине юридикалык баа берет Кырсыкка чекит коюу үчүн убакыт керек./// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 58 тыйынга рубль 1 сом 7 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 70 сом 40 тыйындан баштап, 71 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 76 сом 40 тыйындан 77 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 76 сом 50 тыйындан тарта 77 сом 40 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 10-октябрга караган караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жума күнү бийик тоолуу райондордо кар, өрөөндөрдө жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +16...+21, Талас аймагында +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20...+25, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +14...+19 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаада +18…+20, Ош шаарында +22...+24 градуска көтөрүлөт.