БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. 10-октябрь, жума күнү, бийик тоолуу райондордо кар, өрөөндөрдө жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +16...+21, Талас аймагында +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20...+25, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +14...+19 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +18…+20, Ош шаарында +22...+24 градуска көтөрүлөт.