БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Мамлекеттик ишмер Жусуп Абдырахмановдун өмүрүнө жана мурасына арналган "Жусуп" аттуу толук метраждуу тарыхый-драмалык тасма тартыларын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Анда Абдырахмановдун татаал тагдыры жана мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөөдөгү чечүүчү ролу чагылдырылат.
"Азыркы тапта даярдык иштери жүрүп, ролдорго кастинг өтүп, тартуу локациялары аныкталууда. Фильмдин бет ачары 2026-жылдын 25-августуна белгиленип, ал Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин 100 жылдыгына жана Жусуп Абдырахмановдун 125 жылдык мааракесине арналат", — деп айтылган маалыматта.
Белгилей кетсек, фильмдин режиссёру — Кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев. Тартуу жумуштары Москва, Санкт-Петербург, Ташкент шаарларында жана Кыргызстандын аймактарында өтөрү белгиленген.