БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 15-октябрда башталарын Агартуу министрлигинен билдиришти.
Каттоо Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтында райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу 30-октябрга чейин онлайн жүргүзүлөт.
"Кабыл алуу жогорку окуу жайлардын келишимдик негиздеги окутуу формасына гана жүргүзүлөт. Тесттирлөөгө орто жалпы билими жөнүндөгү аттестаты же орто кесиптик билими жөнүндөгү диплому бар жарандар гана катыша алышат. Өлкө аймагынан сырткары жашаган жарандар тестке бир күн калганда каттоодон өтүшү зарыл", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кышкы кабыл алуу үчүн тест болжол менен 20-23-ноябрда өткөрүлөт. Жогорку окуу жайларына өтүү үчүн ЖРТнын негизги тестин жана мамлекеттик тил боюнча тестти тапшыруу зарыл.