БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. АКШнын Республикачылар партиясынан Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Анна Паулина Владимир Зеленский ай сайын Сауд Арабиясынын аты аталбаган банкына 50 миллион доллар которуп турарын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Зеленский ай сайын сауд банкына 50 миллион доллар каражат которуп турат экен. Кызык", — деген конгрессчи айым блогер Дэнни Жонс менен маектешип жатып.
Анткен менен маалыматты кайдан алганын ачыктаган эмес.
Буга чейин Зеленский Украинанын өзүнө курал-жарак чыгарууга акчасы жок экенин айтып, Батыштын жардамы кечигип жатканына нааразы болгон.