Владимир Путин Тажикстанга мамлекеттик сапар менен келди

Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Россиянын лидери Владимир Путин Тажикстанга мамлекеттик сапар менен келди. Аны Душанбедеги аэропорттон өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон тосуп алды.
Путин II "Борбордук Азия — Россия" саммитине жана КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.
Мамлекеттик сапардын алкагында Россия менен Тажикстандын ортосунда сүйлөшүүлөр өтөт. Эки өлкөнүн лидерлери ар түрдүү тармактардагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилени өнүктүрүү маселелерин талкуулайт.
Ошондой эле сапардын алкагында Россия менен аймактагы өлкөлөрдүн соода-экономикалык, каржы, өнөр жай, логистика, энергетика жана башка тармактардагы кызматташуусун мындан ары өркүндөтүү маселелери туурасында да кеп болот.
Путиндин башка мамлекеттердин жетекчилери менен да эки тараптуу сүйлөшүүлөрү белгиленген.
Путин: жалпы тарых Евразия элдеринин өнүгүшүнүн пайдубалы болушу керек