Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025

БШК: үгүт иштерин эрте жүгүзүп баштагандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Үгүт иштерин эрте жүргүзө баштаган жарандарга эми мыйзам чегинде чара көрүлөт. Бул тууралуу БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, үгүт иштери расмий 10-ноябрда башталышы керек.
"Азыр шайлоого катышуу ниетин билдирген айрым жарандар үгүт жүргүзүп жатышат, бул мыйзамсыз. Биринчиден, алар депутаттыкка талапкер катары каттала элек. Экинчиден, үгүт иштери расмий түрдө 10-ноябрда гана башталат. Азырынча оозеки эскертүү берип жатабыз, мындан ары мыйзам чегинде чара көрүлөт", — деди Шайназаров.
Эскерте кетсек, кезексиз парламенттик шайлоо 30-ноябрда өтөт. Ушу тапта БШК депутаттыкка ат салышчулардан арыздарды кабыл алууда.
Жаңы мыйзамга ылайык, республика 30 округга бөлүнүп, ар биринен үчтөн депутат шайланат.
Талапкер болом дегендердин арасында учурдагы депутаттар, экс-министрлер, ырчылар да бар. Sputnik кайсы округдан ким чыгып жатканын тизмектеди.
Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025
БШК аралыктан добуш берүү менен электрондук шайлоонун айырмасын түшүндүрдү