БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. 30-ноябрга белгиленген кезексиз парламенттик шайлоо учурунда 34 мамлекеттин 89 шаарынан добуш берүүгө болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, жалпы жонунан чет өлкөлөрдө 100 шайлоо участогу түзүлмөкчү.
"Чет мамелкеттерде 59 шайлоо участогу бар. Дагы 41 участок ачуу сунушталып жатат. Ошентип жалпысынан 34 мамлекетте, 89 шаарда 100 шайлоо участогун түзүү пландалууда", — деди Шайназаров.
БШК төрагасы шайлоочуларга өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшерүү маанилүү экенин эскертти.
Ушу тапта депутаттыкка ат салышам дегендер арыздарын тапшырууда, билдирмелер 31-октябрга чейин кабыл алынат. Андан кийин 10-ноябрга чейин талапкерлерди каттоо жүрөт. Үгүт иштери 10-ноябрда башталып, 29-ноябрь саат 08:00гө чейин уланат. Бул убакыттан 30-ноябрга чейин "жымжырттык күнү" жарыяланат.
Шайлоо участогуна келе албаган (маселен, майыптыгы барлар) добуш берүүчүлөр арыздарын 28-ноябрга чейин жөнөтүшү керек.
Шайлоо 30-ноябрда өтөт. Автоматтык эсептөөчү урналар шайлоонун жыйынтыгын дароо көрсөтсө, расмий жыйынтык толугу менен 14-декабрга чейин чыгат.
Баса, Sputnik депутаттыкка ат салышам дегендерди тизмектеди.