Жапаров: 2020-жылы бийлик алмашпаганда Кыргызстандын бүтүн турушу күмөн эле

Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Эгер 2020-жылы бийлик алмашпаганда бүгүн Кыргызстан өз алдынча мамлекет катары бар болот беле же жок болот беле, бир Кудай өзү билет. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров Октябрь окуяларынын 5 жылдыгына карата "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде айтты.
"Бюджеттин дефицити 30 миллиарддан ашык, пандемия убагында алынган 350 миллион доллар карыз менен дефициттин жарымын жапса, жарымын социалдык төлөмдөргө жумшап салышкан. Кредит алып эмгек акы, пенсия-пособие тараткан мамлекет чачырап бара жаткан мамлекет деп айтсак болот", — деген ал кезди эскерген Жапаров.
Журналист өлкө башчыдан ошол күндөрү эл башына келгенде ишти эмнеден баштоону ойлогонун сураган.
Ал биринчи кадам өлкөдө туруктуулукту орнотуу болгонун, ал ишке ашкандыгын белгиледи. Экинчи кадам башкаруу системасын жаңыдан түзүү болчу.
"2007-жылдан берки парламенттик башкаруу деген сиситема мамлекетти чачыратып, жок кылайын деп калды эле. 2010-жылы парламентти да баш-оту менен коррупцияга тыкты. Ошону менен бүткүл өлкө коррупцияга батып, "ботко" болуп эле жатып калдык. Ошол мезгилди мен өз көзүм менен көрүп, өзүм аралашып жүрдүм. "Ата Журт" партиясы менен парламентке келгенбиз. Ар бир мамлекеттик кызматты базарда соодалашкандай эле сатып калганбыз да. Себеби башкаруу системасы ошондой болуп калган. Ошол система 2020-жылга чейин уланды", — деп баяндап келип, президент үчүнчү кадамы экономиканы көтөрүү болгонун эске салды.
Учурда өлкөнүн экономикалык абалы жөнгө салынып калганын айтып, аны 2035-жылга чейин мурдагы кредиттерди толук төлөп бүтөбүз деген сөзү менен бекемдеген.
Эске салсак, мындан беш жыл мурда, тагыраагы, 2020-жылы өлкөдө эл көтөрүлүп, бийлик нааразылык жолу менен алмашкан. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун ордуна Садыр Жапаров келген. Бул Кыргызстандын соңку тарыхында бийлик күч менен үчүнчү ирет алмашкан окуя болуп калды.
Улуттук кызыкчылыкты туу тутуп... Садыр Жапаровдун тышкы саясатына сереп