Республика боюнча Улуттук тазалык күнүн утурлай "Эң таза шаар" жана "Эң таза айыл аймагы" сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Алмаз Өскөнбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, конкурстун жеңүүчүлөрү баалуу сыйлыктар менен сыйланат.
"2022-жылдын 6-сентябрында президент Садыр Жапаров "Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндөгү" жарлыкка кол койгон. Ошондон бери жыл сайын Улуттук тазалык күнү сентябрдын жана апрелдин үчүнчү жумасында өткөрүлүп келет. Бул күнү республика боюнча ишембилик өтүп, бардык облус, район, шаарлар, андагы көчөлөр тазаланат. Мына ушул күндү утурлай Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөнүн аймактарында "Эң таза шаар" жана "Эң таза айыл аймагы" сынагын уюштурду. Конкурска республиканын бардык шаарлары, айыл аймактары катыша алат. Жеңүүчүлөрдү тандоо 10 критерий менен жүргүзүлүп, баалуу сыйлыктар каралган. 1-орунга таштанды ташуучу автоунаа, кийинкисине таштандыны сорттоо үчүн атайын жабдуу берилет. Максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шыктандыруу, экологиялык маданиятты арттыруу жана таштанды менен иштөөнүн натыйжалуу инфраструктурасын өнүктүрүү болуп саналат", — деди Өскөнбаев.
Ал ошондой эле аталган сынак ушул жылдын 31-октябрында жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр 1-ноябрда аныкталарын кошумчалады.