БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Атайын операциянын аймагындагы стратегиялык демилге Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн колунда кала берет. Бул туурасында РФ президенти Владимир Путин билдирди.
"Учурда стратегиялык демилге толугу менен Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн колунда турат", — деди Путин Түндүк-Батыш округуна барганда сүйлөп жатып.
Быйыл Россия армиясы 212 калктуу пункт менен дээрлик беш миң чарчы чакырым аймакты бошоткондугун кошумчалады.
"Быйыл биз беш миң чарчы чакырым аймакты, тагыраагы, 212 калктуу пунктуну жана 4 900 чарчы чакырым жерди бошоттук", — деген РФ лидери.