БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Президенттик администрациянын маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков Ак-Ордо-3 конушунда эки кишини өлтүргөн шектүү боюнча толук маалыматтар алынып, фактылар чогултулуп, кылмыш кылуунун максаты так аныкталганын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Орунбеков Ички иштер министрлигинин техникалык базасы жана "Коопсуз шаар" системасынын мүмкүнчүлүктөрү өнүккөнүн, бардык жерге камералар коюлганын, кылмышкерлерди табуунун ыкмалары көп экенин белгилеген.
"Соцтармакта "бул жаш эле бала экен, кантип эле өлтүрүп койсун" деген пикирлер жазылып жатат. Кылмышка шектүү боюнча толук маалыматтар, фактылар чогултулуп, кылмыштын максаты боюнча так аныкталды. Андыктан кылмышка шектүүнүн жаш курагын эске алып, "окшошпой жатат, башканы эле кармап алдыңар" деген талкууларга чекит коёлу. Милиция өз ишин кылып жатат, ар бирибиз эле эксперт боло бербейли. Кылмышка шектүүнүн адам өлтүрүүгө чейинки жүргөн жерлери, видеолору, 100 пайыз тастыкталган далилдердин баары ИИМде бар. Жөн эле бир байкушту кармап алып, мойнуна илип коюу оюнчук эмес. Бул окуя резонанска айланды, ИИМ дыкат жана оперативдүү иштеди", — деп жазган президенттик администрациянын маалымат кызматынын жетекчиси.
Ошондой эле ал шектүүнүн атасы дагы мурда эки жолу соттолгонун, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМде каттоодо турганын кошумчалаган.
Эске салсак, Ак-Ордо-3 конушунда эки кишини өлтүрүүгө шектүү кармалганы кечээ кечинде маалым болду. Тараган маалыматтарда ал 19 жаштагы жигит экени айтылган.