Кыргызстан мунай жана мунай продуктуларын ЕАЭБден сырт эскпорттоого тыюу салды

Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Министрлер кабинети Кыргызстандан мунай жана мунай продуктуларын экспорттоого убактылуу тыюу салынганын кабарлады.
Маалыматта чектөө ЕАЭБ өлкөлөрүнө карата жайылтылбай турганы айтылат.
Республика январь-июль айларында 97 миллион долларга бааланган 100 миң тоннадан ашык мунай продуктуларын, анын ичинде бензин экспорттогон. Негизги кардарлардын катарына Түркия, Афганстан жана Өзбекстан кирет.
ЕАЭБде мыйзамсыз продукцияларды аныктоодо жасалма интеллект колдонулууда