БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Ички иштер министрлиги Бишкектин Ак-Ордо-3 конушундагы эки адамдын өлүмү менен коштолгон кылмыш иши боюнча расмий маалымат таратты.
Мекеменин басма сөз кызматы жиберген билдирүүгө таянсак, кылмыш фактысынын чоо-жайы төмөндөгүдөй:
3-октябрь күнү болжол менен саат 03:28де 102 кызматына Бишкектин Ак-Ордо конушунун Ынтымак көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине белгисиз эркек киши кирип, үй ээсин бычак менен жарадар кылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн;
факт Бирдиктүү реестрге катталып, андан соң окуя болгон жерге ИИМдин жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу барган;
үйдү кароо учурунда 34 жаштагы Э.у.И. аттуу эркек кишинин жана анын 38 жаштагы Б.А. аттуу эжесинин сөөгү, жакын жерде токтотулган унаанын багажынан ири суммадагы акча табылган;
Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен иш козголуп, бардык экспертизалар дайындалган;
соттук-медициналык эксперттердин корутундусуна ылайык, эркек кишиге 18, ал эми аялга 11 жолу бычак сайылган;
тергөө учурунда каза болгон адамдын жубайы суракка алынып, анын көрсөтмөлөрүнүн негизинде шектүүнүн сырткы келбетинин сүрөттөлүшү түзүлүп, андан соң издөө башталган;
иликтөө Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүнө алынып, тиешелүү бөлүмдөргө кыска мөөнөттө шектүүнү аныктап, кармоо тапшырылган;
милиция кызматкерлери кылмыш болгон жердин айланасында орнотулган байкоо камераларынын видеожазууларын кылдаттык менен текшерип, алардын ар бирин дыкаттык менен караган;
жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын натыйжасында шектүүнүн ким экендиги тууралуу толук маалымат чогултулуп, шектүү катары 19 жаштагы И.С. аттуу жаран кармалган;
шектүү "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында орнотулган жүздү таануу системасынын жардамы менен колго түшүрүлүп, тергөөгө жеткирилген;
шектүүнүн кайсы багытты көздөй бара жатканы тууралуу видеомаалыматтар аныкталып, Бишкек шаарынан Ысык-Көл облусуна чейинки камералар текшерилген.
Белгилей кетсек, Ак-Ордо-3 конушунда эки кишини өлтүрүүгө шектүү кармалганы кечээ кечинде маалым болгон. Окуя өзү 3-октябрга караган түнү саат 3 менен 4түн аралыгында катталганы алгачкы маалыматтарда айтылган.
6-октябрь күнү ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин Sputnik Кыргызстанга кылмыштын бетин ачуу үчүн кесипкөй кызматкерлер кирген тергөө тобу түзүлгөнүн, бардык камералардагы видеожазылмалар алынып, жеринде 100 милиционер иштеп жатканын айткан. ИИМ мындан башка расмий маалымат бере элек болчу.